Сатыбаев Шаршенбек Салиевич (некролог)

03 Авг 2020

Кесиптик башталгыч билим берүү системасы оор жоготууга учурады. 2020-жылдын 1-августунда Нарын облусунун Жумгал районундагы №26 кесиптик лицейдин директору Сатыбаев Шаршенбек Салиевич 66 жаш курагында каза болду.


Сатыбаев Ш. С. 1954-жылы 16-сентябрда Жумгал районуна караштуу Кайрыма айылында кызматкерлердин үй-бүлөсүндө туулган. Төрт баланын атасы. 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик университетине кирип 1986-жылы тарых адистиги боюнча аяктаган.

Сатыбаев Шаршенбек Салиевич


Эмгек жолу:
1. 1977-1978-жылдары Чүй району Шамшы совхозу -малчы
2. 1978-80-жж Бишкек шаары №7-ПТУ -студент
3. 1980-1982-жж Бишкек Октябрдын 40 жылдык фабрика - механик
4. 1982-1983-жж Жумгал району Москва орто мектеби - мугалим
5. 1983-1986-жж Жумгал району СПТУ №26 - филиал жетекчиси
6. 1989-2002-ж. Жумгал району СПТУ№26 Директордун орун бас.
7. 2002-2020-ж. Жумгал району СПТУ№26 – Директор.
Окуу жайда 37 жыл эмгектенген.

 

Кызматтык милдетине ак ниет мамиле кылгандыгы жана үзүрлүү эмгеги үчүн төмөндөгүдөй мамлекеттик  сыйлыктарга ээ болгон:

1. 1990-жыл 10 декабрь – Ардак грамота «Советтик Кыргызстан» газетанын окурманы жана активдүү кабарчысы.
2. 1991-жыл 5-май – Ардак грамота «Демилге» газетанын штаттан тышкаркы кабарчысы жана газетанын турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн.
3. 1992-жыл 5-май – Ардак грамота Жумгал райондук мамлекеттик акимдиги «Демилге» газетасына кошкон салымы үчүн.
4. 1998-жыл Бишкек шаары – Күбөлүк №759 Кесипчилик-техникалык билим берүү боюнча башкы башкарма «Кыргыз Республикасынын кесипчилик-техникалык билим берүү отличниги значогу менен сыйланган»
5. 1998-жыл 15-октябрь - Ардак грамотасы Нарын облустук кесипчилик-техникалык билим берүү башкармасы Жумушчу карларды даярдоодо окутуу –тарбиялоо ишине кошкон салымы жана үзүрлүү эмгектенгени үчүн.
6. 2007-жыл Бишкеке шаары – Ардак грамотасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу кесиптик-техникалык билим берүү боюнча мамлекеттик агенттигинин коллегиясы Кесиптик билим берүү тармагында окуу иштерине активдүү катышып, өзүн демилгелүү кызматкер катары көрсөткөндүгү үчүн.
7. 2007-жыл 13-апрель – Ардак грамотасы Нарын облустук мамлекеттик администрациясы Ишиндеги жетишкен ийгиликтери үчүн.
8. 2012-жыл Чаек кыштагы – Ардак грамотасы Жумгал райондук мамлекеттик администрациясы КР эгемендүүлүгүнүн 21жылдыгына карата жана иштериндеги жетишкен ийгиликтери үчүн.
9. 2014-жыл 31-август Жумгал районунун ардактуу атуулу.
10. 2015-жыл Бишкек шаары – Ардак грамотасы Кыргыз республикасынын мамлекеттик муниципалдык ишканалар кызматкерлеринин профсоюз Президиум ЦКсы Кыргыз республикасынын профсоюзунун 90-жылдыгы жана профсоюз кыймылынын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн.
11. 2017-жыл Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши – Мактоо баракчасы Жогорку Кеңештин Социалдык суроолор, билим, илим, маданият жана ден соолукту коргоо комитети Профессионалдуу жана үзүрлүү эмгеги үчүн мамлекеттик  сыйлыкка ээ болгон.

 

Маркумдун үй-бүлөсүнө  жана жакындарына Кесиптик башталгыч билим берүү системасынын кызматкерлеринин жана Агенттиктин атынан көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.