Джураев Абдикарим Мадеминович (некролог)

29 Сен 2020

Кесиптик башталгыч билим берүү системасы оор жоготууга учурады. 2020-жылдын 28-сентябрында Баткен облусунун Баткен районундагы №34 кесиптик лицейдин директору Джураев Абдикарим Мадеминович 61 жаш курагында каза болду.

 

ДЖУРАЕВ АБДИКАРИМ МАДЕМИНОВИЧ

• 01.01.1959-жылы Ош областынын, Баткен районуна караштуу Самаркандек айылында туулган
• 1977-жылы Фрунзедеги Автомобиль жол техникумун “Курулуш техникасы” адистиги боюнча, 1987-жылы Фрунзедеги Политехникалык Институтунун “Курулуш” факультетин  бүтүргөн.
• Жалпы эмгек стажы 43 жыл


Алган сыйлыктары: Кесиптик лицейинин, Самаркандек айыл өкмөтүнүн, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын, Баткен облустук мамлекеттик администрациясынын сыйлыктары менен сыйланган;

"Ардак грамоталары": Түштүк региондук кесиптик техникалык билим берүү боюнча башкармалыгынын, Жогорку Кенешинин, Кыргыз Республикасынын эмгек жана миграция жана жаштар министрлигинин “Ардак грамоталары”,
Кесиптик техникалык билим берүүнүн “Мыктысы”;
Баткен райондук кенештин 1-жолку чакырылышынын, айылдык кенешинин 2- жолку чакырылышынын депутаты,
Баткен районунун түзүлгөндүгүнүн 80-жылдыгынын медалынын ээси.
2007-жылдан тарта ушул кунго чейин аталган окуу жайды жетектеп келген жана бул жылдар аралыгында кесиптик лицейде коптогон жанылануулар жана жетишкендиктер болгон.


Маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына Кесиптик башталгыч билим берүү системасынын кызматкерлеринин жана Агенттиктин атынан көңүл айтабыз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.