Юридический и фактический адрес АНПО: 720010, город Бишкек Кыргызская Республика, проспект.Манаса, 22а.
Юридикалык жана иш жүзүндөгү Кесиптик Башталгыч Билим берүү Агенттигинин дареги: Кыргызстан Республикасы, Бишкек ш., 720010, Манас проспектиси, 22а.
(+996) 312 45 40 00 кошумча (101)
Баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, ошондой эле баштапкы кесиптик билим берүү системасынын натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу.
Кесиптик Башталгыч билим берүү агентигинде бардык 92 лицей, алар:
- Бишкек -15
- Чуй -14
- Талас -6
- Ысык-Кол -8
- Наын -7
- Ош -13
- Жалал-Абад -18
- Баткен -11
Экономика тармагы тарабына керектүү кадрлар: курулуш, айыл чарба, жеңил өнөр жайы, транспорт,энергетика, тамак-аш өнөр жайы, маалыматтык технология ж.б.
Мамлекеттик үлгүдөгү баштапкы кесиптик билим берүүнүн диплому жана күбөлүгү (кыска мөөнөттөгү окутуу) жана орто билими тууралу аттестат.
Окутуу мамлекеттик (кыргыз тилинде) жана расмий тилинде жүргүзүлөт (орус тилинде)
Кыска мөөнөттүү окутуу программалары 3 айдан 6 айга чейинки окутуу мөөнөтү менен жүргүзүлүлөт.
Билим берүү системасында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн түзүлүп жана шарттары жакшыртылып жатат:
- Калыбына келтирүү топтун билим берүүсү
- Стипендиялар
- Жатакана (акысыз)
- жайкы эс алуу, эс алуу
- дарыгерлер, психологдор бар
- инклюзивдик окуу программалар
- иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү
www.kesip.kg
Окутуунун сапатын камсыз кылуу, кайра даярдоо жана негизги багыттары боюнча тажрыйбалуу кызматкерлерди даярдоо коомдук - пайдалуу иш, азыркы эмгек рыногунун талаптарына жооп берүү.
Кесиптик Башталгыч Билим берүү системасында 99 кесиптик окуу жайлары бар,алардын ичинен кесиптик лицейлер– 92, мамлекеттик жаза аткаруу тармагына караштуу окуу жайлары-6, ошондой эле Токмок индустриалдык-педагогикалык колледжи.
• Билим тастыктоочу документ (жогорку мектеп аттестатынын же орто билими жөнүндө күбөлүк) жазма документ;
• Туулгандыгы тууралуу күбөлүк же паспортунун көчүрмөсү;
• Медициналык тастыктама түрү №086 справка, форма №083/у айдоочуларга;
• 4-сүрөт, 3 х 4 см (баш кийимсиз)
• Жашаган жеринен справка;
• Уй-булоосунун курамы туралуу справка;
• Аскердик билетинин көчүрмөсү же каттоо жөнүндө күбөлүгү (балдар үчүн)
• Компаниянын багыты (жумуш берүүчүлөр тарабынан окутуу үчүн берилген адамдар үчун)
Кабыл алуучу коммитет бүткүл окуу жайларда 1-чи июлдан баштап 30-чу августка чейин иш жүрүмүн баштайт.
Баштапкы кесиптик билим берүү системасында окуучуларга түзүлгөн кепилдиктер?
- Тамак- аш
- Стипендиялар
- Жатакана
- Жайкы эс алуу, эс алуу
- Чыгармачылык маданият жана өнүктүрүү боюнча улуттук борбору , Дене тарбия жана спорт боюнча Республикалык борбору "Эмгек резерви" секциялык жана кружоктору
- иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү
Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүк жарандар келишимдин негизинде же өкмөттөр аралык макулдашууларга ылайык, Баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайына кабыл алынат.
Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүк жарандар келишимдин негизинде же өкмөттөр аралык макулдашууларга ылайык, Баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайына кабыл алынат. |
"Баштапкы кесиптик билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, бир жолу гана акысыз кесиптик билим алууга болот.
Электрондук кабылдама
Суроо берүү