Ош шаарындагы "Барчын" профилакториялык-санаториясы
Максаты: Профилакториянын негизги максаты баштапкы кесиптик билим берүү системасында окушкан студенттердин жана кызматкерлердин арасында профилактикалык жана дарылоо иштерин жүргүзүү.
Милдети: Профилакториянын негизги милдети;
- стационардык курорттук компекстүү дарылоону камсыз кылуу;
- терапевтикалык жана профилактикалык кызматтарды көргөзүү;
- студенттердин жана жумушчулардын ден соолугун чыӊдоо, сергек жашоо мүнөздөмөлөрүн калыптандыруу, окуу жана жумуш, эс алуу жана дарылоонун акылдуу айкалышы, ар кандай оорулардын, жаман адаттардын алдын алуу
- башталгыч кесиптик билим берүү системасындагы реабилитациондук топтордун тарбиялануучуларын, жетимдердин, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү жана социалдык жактан корголуучу топтордун окуучулардын жай мезгилинде эс алуусун камсыз кылуу.
Функциясы: ϴзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн Профилактория төмөнкү функцияларды аткарат:
- Медициналык илимдин заманбап талаптарын жана комплекстүү терапиянын бекитилген методологиясын эске алуу менен ден соолукту чыӊдоочу иш, чараларды уюштуруу;
- Бейтаптарды алардын ооруларынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен рационалдуу жана диеталык тамак менен камсыз кылуу;
- Бейтаптын ден соолугунун абалын жана курагын эске алуу менен маданий массалык иштерди уюштуруу жана жүргүзүү;
- Санитардык эпидемиологиялык талаптарды сактоо;
- Негизги каражаттарды, курулмаларды, жабдууларды сарамжалдуу пайдалануу;
- Бардык колдоо кызматтарынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу, көрктөндүрүү жана аймакты жашылдандыруу;
- Диагностикалык, дарылоочу бөлмөлөрдү, медициналык шаймандарды жана инвентарларды натыйжалуу пайдалануу.
Профилакториянын жумушун уюштуруу:
Башкы дарыгер: Карабеков Тариел Ыбышович.
Башкы эсепчиси: Алымкулова Чолпонай Ражаповна
Иштөө графиги:
Дш-Жума: 8:30 -17:30 тыныгуу 13:00 – 14:00
Ишемби: 8:30 – 15:00 тыныгуусу жок.
Байланыш телефону: (03222) 8-54-36; 8-48-30 (факс)
Е-mail: Barchyn-osh@mail.ru