gerb
Полировка
Швеи
Сварка

"Биздин милдет - жаштардын кесиптик билим алуусу жана алар ички рынокто гана эмес, тышкы эмгек рыногунда да татыктуу жумуш таба алышы зарыл."

Сооронбай Жээнбеков

Жаңылыктар

Агенттик жөнүндө

Ченемдик укуктук база

Өнөктөштүк

Инновациялар

КӨП ЖӨНӨТҮЛГӨН СУРООЛОР

Кесиптик башталгыч билим берүү Агенттиги кайсыл жерде жайгашкан?

Юридический и фактический адрес АНПО: 720010, город Бишкек Кыргызская Республика, проспект.Манаса, 22а.
Юридикалык жана иш жүзүндөгү Кесиптик Башталгыч Билим берүү Агенттигинин дареги: Кыргызстан Республикасы, Бишкек ш., 720010, Манас проспектиси, 22а.

Кесиптик башталгыч билим берүү Агенттигинин кабылдамасынын номуру?

(+996) 312 45 40 00 кошумча (101)

Агенттиктин негизги милдеттери?

Баштапкы кесиптик билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, ошондой эле баштапкы кесиптик билим берүү системасынын натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу.

Баштапкы кесиптик билим берүү Агенттигине караштуу окуу жайлары?

Кесиптик Башталгыч билим берүү агентигинде бардык 92 лицей, алар:
- Бишкек -15
- Чуй -14
- Талас -6
- Ысык-Кол -8
- Наын -7
- Ош -13
- Жалал-Абад -18
- Баткен -11

Кайсыл экономика тармагы тарабынан кадрлар даярдалууда?

Экономика тармагы тарабына керектүү кадрлар: курулуш, айыл чарба, жеңил өнөр жайы, транспорт,энергетика, тамак-аш өнөр жайы, маалыматтык технология ж.б.

Баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайын бүтүрүүчүсү бүтүргөндөн кийин кандай документ ала алат ?

Мамлекеттик үлгүдөгү баштапкы кесиптик билим берүүнүн диплому жана күбөлүгү (кыска мөөнөттөгү окутуу)  жана орто билими тууралу аттестат.

Кайсыл тилде окуу жүргүзүлөт?

Окутуу мамлекеттик (кыргыз тилинде) жана расмий тилинде жүргүзүлөт (орус тилинде)

Кыска мөөнөттөгү окутуу шарттары кандай?

Кыска мөөнөттүү окутуу программалары 3 айдан 6 айга чейинки окутуу мөөнөтү менен жүргүзүлүлөт.

Баштапкы кесиптик билим берүү системасында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн кандай шарттар түзүлгөн?

Билим берүү системасында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн түзүлүп жана шарттары жакшыртылып жатат:
- Калыбына келтирүү топтун билим берүүсү
- Стипендиялар
- Жатакана (акысыз)
- жайкы эс алуу, эс алуу
- дарыгерлер, психологдор бар
- инклюзивдик окуу программалар
- иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү

Кесиптик башталгыч билим берүү Агенттигинин сайты?

www.kesip.kg

Кесиптик башталгыч билим берүү Агенттигинин негизги иши?

Окутуунун сапатын камсыз кылуу, кайра даярдоо жана негизги багыттары боюнча тажрыйбалуу кызматкерлерди даярдоо коомдук - пайдалуу иш, азыркы эмгек рыногунун талаптарына жооп берүү.

Баштапкы кесиптик билим берүү системасында канча окуу жайлар бар?

Кесиптик Башталгыч Билим берүү системасында 99 кесиптик окуу жайлары бар,алардын ичинен кесиптик лицейлер– 92, мамлекеттик жаза аткаруу тармагына караштуу окуу жайлары-6, ошондой эле Токмок индустриалдык-педагогикалык колледжи.

Кесиптик башталгыч билим берүү окуу жайларына кабыл алуу үчүн кандай документтер талап кылынат?

• Билим тастыктоочу документ (жогорку мектеп аттестатынын же орто билими жөнүндө күбөлүк) жазма документ;
• Туулгандыгы тууралуу күбөлүк же паспортунун көчүрмөсү;
• Медициналык тастыктама түрү №086 справка, форма №083/у айдоочуларга;
• 4-сүрөт, 3 х 4 см (баш кийимсиз)
• Жашаган жеринен справка;
• Уй-булоосунун курамы туралуу справка;
• Аскердик билетинин көчүрмөсү же каттоо жөнүндө күбөлүгү (балдар үчүн)
• Компаниянын багыты (жумуш берүүчүлөр тарабынан окутуу үчүн берилген адамдар үчун)

Кайсы убакытка чейин бюджеттик даярдоо негизинде документтер кабыл алынат?

Кабыл алуучу коммитет бүткүл окуу жайларда 1-чи июлдан баштап 30-чу августка чейин иш жүрүмүн баштайт.

Баштапкы кесиптик билим берүү системасында окуучулар үчүн кандай коомдук кепилдиктер түзүлгөн?

Баштапкы кесиптик билим берүү системасында окуучуларга түзүлгөн кепилдиктер?
- Тамак- аш
- Стипендиялар
- Жатакана
- Жайкы эс алуу, эс алуу
- Чыгармачылык маданият жана өнүктүрүү боюнча улуттук борбору , Дене тарбия жана спорт боюнча Республикалык борбору "Эмгек резерви" секциялык жана кружоктору
- иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү

Чет өлкөлүк жарандар Баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайга тапшырса болобу?

Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүк жарандар келишимдин негизинде же өкмөттөр аралык макулдашууларга ылайык, Баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайына кабыл алынат.

Кыргыз Республикасынын аймагында жашаган чет өлкөлүк жарандар келишимдин негизинде же өкмөттөр аралык макулдашууларга ылайык, Баштапкы кесиптик билим берүү окуу жайына кабыл алынат.

 

Экинчи акысыз баштапкы кесиптик билим алууга болобу?

"Баштапкы кесиптик билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, бир жолу гана акысыз кесиптик билим алууга болот. 

БИЗДИ КОЛДОЙТ

бардык бөлүмдөрдүн картасы

Агенттик жөнүндө

Абитуриенттерге

Ченемдик укуктук база